Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №89
Арал жана Үч-Эмчек айылында иштеп жаткан коомдук уюмдардын мүчөлөрүнүн айылдык , райондук, облустук деңгээлде өтүлүүчү иш-чараларга катышуусун камсыз кылуу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Арал жана Үч-Эмчекайылында иштеп жаткан коомдук уюмдардын мүчөлөрүнүн айылдык, райондук, облустук деңгээлде өтүлүүчү иш-чараларга катышуусун камсыз кылуу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал жана Үч-Эмчек айылында иштеп жаткан коомдук уюмдардын мүчөлөрүнүн айылдык, райондук, облустук деңгээлде өтүлүүчү иш-чараларга катышуусун камсыз кылуу үчүн автоунаанын күйүүчү майы үчүн керектелүүчү 40,0 (кырк миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |