Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №95
Көпүрө-Базар айылына эгин тазалоочу (БИМ), дан эгиндерин майдалоочу (дробилка) аппараттарын сатып алууга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Көпүрө-Базар айылына эгин тазалоочу (БИМ), дан эгиндерин майдалоочу (дробилка) аппараттарын сатып алууга акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көпүрө-Базар айылына эгин тазалоочу (БИМ), дан эгиндерин майдалоочу (дробилка) аппараттарын сатып алууга керектелүүчү бир миллион эки жүз миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |