Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №106
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
Арал айылындагы “Тогонош“ уруусунун мүчөлөрүнүн айыл тургуну 2016-2021-жылдары Арал айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын ийгиликтүү аркалаган Апышов Бактыбектин катуу оорууга чалдыгып, оор операциядан кийин химиятерапия алуусуна акча каражатынын муктаждыгы тууралуу жазган кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылындагы “Тогонош“ уруусунун мүчөлөрүнүн айылдык кеңешке кайрылган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Арал айылынын тургуну Апышов Бактыбек Рыспаевичтин дарылануусуна 100,0 (жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.
3. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |