КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №112
Арал айылынын ички жолдоруна кум-шагыл төгүп, суу өтүүчү трубаларды орнотууга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Арал айылынын ички жолдоруна кум-шагыл төгүп, суу өтүүчү трубаларды орнотуужөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылынын ички жолдоруна кум-шагыл төгүп, суу өтүүчү трубаларды орнотууүчүн жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен 400,0 (төрт жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |