Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №114
Арал айылындагы Үмөт Молдо атындагы мектепке чейинки билим берүү ишканасынын очокканасына керектүү жабдууларды сатып берүүгө акча каражатын бөлүү жөнүндө
Арал айылындагы Үмөт Молдо атындагы мектепке чейинки билим берүү ишканасынын очокканасына керектүү жабдууларды сатып берүүгө акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылындагы Үмөт Молдо атындагы мектепке чейинки билим берүү ишканасынын очокканасына керектүү жабдууларды сатып берүүгө жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен 100,0 (жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |