Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №115
Арал айылындагы К.Нанаев атындагы Арал орто мектебин көмүр отуну менен камсыз кылууга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Арал айылындагы К.Нанаев атындагы Арал орто мектебин көмүр отуну менен камсыз кылууга акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылындагы К.Нанаев атындагы Арал орто мектебин көмүр отуну менен камсыз кылууга жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен 600,0 (алты жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |