Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 766 токтомуна) |
Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдарды алуу тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдарды алуу тартибин аныктайт.
2. Ушул Жобо уюштуруучулук-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактарга колдонулат.
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдар - ушул Жобонун тиркемесине ылайык бензинди жана дизелдик отунду импорттоочу жана/же өндүрүүчү юридикалык же жеке жактардан алынуучу төгүм;
2) төлөөчү - Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоочу жана/же Кыргыз Республикасынын аймагында бензинди жана дизелдик отунду өндүрүүчү юридикалык же жеке жактар.
2-глава. Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдарды төлөөчү
4. Жыйымдарды төлөөчүлөр төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына бензинди жана дизелдик отунду алып келген импорттоочулар;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында бензинди жана дизелдик отунду өндүрүүчүлөр.
5. Төлөөчүлөр жыйымдардын өз убагында төлөнүшү, ошондой эле берилген отчеттуулуктун тууралыгы жана аныктыгы үчүн толук жоопкерчилик тартат.
6. Жыйымдар төлөөчүлөрдөн улуттук валютада алынат.
7. Жыйымдар колдонуудагы мамлекеттер аралык стандарттардын (ГОСТ) жана ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык аталышын жана маркасын идентификациялоодон өткөн, ошондой эле белгиленген тартипте маркалоодон өткөн бензинден жана дизелдик отундан алынат.
8. Төлөөчү төлөмдү төмөнкү ыкмалардын бири аркылуу төлөйт:
- банктык мекемелер же төлөм терминалдары аркылуу;
- электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасын пайдалануу аркылуу.
3-глава. Импорттоочудан жана/же өндүрүүчүдөн автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдарды алуу тартиби
9. Жыйымдар импорттолгон жана/же өндүрүлгөн бензиндин жана дизелдик отундун көлөмүнүн негизинде алынат. Эсептөөдө жыйымдардын суммасы бүтүн санга чейин тегеректелет.
10. Жыйымдардын ставкасы төмөнкү формула боюнча эсептелет:
1 литр х 1 сом = жыйымдар.
11. Төлөөчүлөр жыйымдарды ай сайын отчеттук айдан кийинки айдын 10унан кечиктирбестен төлөөгө милдеттүү.
4-глава. Эсеп жана отчеттуулук
12. Төлөөчү импорттолгон жана/же өндүрүлгөн бензиндин жана дизелдик отундун көлөмдөрүн эсепке алууну жүргүзөт.
13. Отчеттуулук төлөөчү тарабынан квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирилбестен электрондук түрдө транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
Отчеттуулукту толтуруу формасы жана тартиби транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
14. Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарында каралган тартипте автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдардын келип түшүүсүн эсепке алат жана контролдойт.
5-глава. Контролдоо жана аудит
15. Кыргыз Республикасынын аймагында бензиндин жана дизелдик отундун жүгүртүлүшүн натыйжалуу контролдоо үчүн импорттоочулар жана/же өндүрүүчүлөр өлкө ичинде, ошондой эле аларды алып келүүдө бензинди жана дизелдик отунду бардык ташуулар жана жөнөтүүлөр боюнча маалыматтарды алууну камсыз кылуу менен, бензинди жана дизелдик отунду эсепке алуунун эл аралык системалары менен өз отчеттуулуктарын интеграциялоого милдеттүү.
16. Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган импорттолгон жана/же өндүрүлгөн бензиндин жана дизелдик отундун көлөмүн салыштыруу үчүн тиешелүү макулдашуулардын алкагында ыйгарым укуктуу салык органы жана ыйгарым укуктуу бажы органы менен маалымат алмашат.
6-глава. Корутунду жоболор
17. Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдарды максаттуу багыты боюнча так пайдалануу жоопкерчилиги транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт.
18. Ушул Жобонун жоболорун бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралган.
|
| Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдарды алуу тартиби жөнүндө жобого тиркеме |
№ | Позициянынын аталышы | ТЭИ ТН коду |
1 | Автомобиль бензини: октан саны 80ден аз | 2710 12 411 0 |
2 | Автомобиль бензини: октан саны 80 же андан көп, бирок 92ден аз | 2710 12 412 0 |
3 | Автомобиль бензини: октан саны 92 же андан көп | 2710 12 413 0 |
4 | Автомобиль бензини: башкалар | 2710 12 419 0 |
5 | Автомобиль бензини: октан саны 95 же андан көп, бирок 98ден аз | 2710 12 450 0 |
6 | Автомобиль бензини: октан саны 98 же андан көп | 2710 12 490 0 |
7 | Автомобиль бензини 0,013 г/л көп: октан саны 98ден аз | 2710 12 510 0 |
8 | Автомобиль бензини 0,013 г/л көп: октан саны 98 же андан көп | 2710 12 590 0 |
9 | Дизелдик отун: жайкы | 2710 19 421 0 |
10 | Дизелдик отун: кышкы | 2710 19 422 0 |
11 | Дизелдик отун: сезон аралык | 2710 19 424 0 |
12 | Дизелдик отун: башкалар | 2710 19 425 0 |