Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин XXII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын
2024-жылдын 29-августу №52
“№4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин капиталдык ремонту жөнүндө”
Тогуз-Торо айылдык кеңешине Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы М.Ж.Олжотоев билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кенешинин (XXII шайланышынын ) кезексиз чакырылган XXХ сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. №4 Иманберди уулу Иса атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин капиталдык ремонту үчүн дем берүүчү үлүштүк гранттын эсебинен бүткѳрүлүүчү долбоорго ѳздүк салымы үчүн акча каражаты 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен айыл өкмөтүнүн 3111 беренесинен бөлүнүп берилсин
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет,экономика,муниципалдык менчик,айыл чарба,инвестиция,ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынына жүктөлсүн.
3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы: |
У.Токтожумаев. |