Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №116
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
Арал айылындагы Байгөнчөк уулу Кожомурат көчөсүнүн айыл тургундарынын таза суу трубаларын алмаштыруу тууралуу арызын карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байгөнчөк уулу Кожомурат көчөсүнүн айыл тургундарынын арыздары канааттандырылсын.
2. Таза суу трубаларын алмаштыруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен 300,0 (үч жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |