Загрузка документа…
ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин XXII чакырылышынын кезексиз XXX сессиясынын
2024-жылдын 29-августу №54
“Алма-Бак участкасындагы жаны уюшулуп жаткан паркка ысым ыйгаруу жөнүндө”
Алма-Бак участкасындагы жаны уюшулуп жаткан паркка А.Бексултановдун атын коюу жөнүндө уулу Бексултанов Ишенакундун 2024-жылдын 27-августундагы кайрылуу катына ылайык талкуулап Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган XXХ сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Алма-Бак участкасындагы жаны уюшулуп жаткан паркка Абдылкары Бексултановдун ысымы ыйгарылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча, мыйзамдуулукту , укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылат.
3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.
Тогуз-Торо айылдык кеңешинин төрагасы: |
У.Токтожумаев. |