Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы

 

2024-жылдын 6-августу №118

 

Арал айылынын участкалык инспекторунун ар кандай чыгымдары үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Арал айылы чек арага жакын жайгашкан айыл болгондуктан кылмыштуулуктун алдын алуу, мал уурулукту жоюу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана милициянын участкалык инспекторунун иштөөсүнө шарт түзүү максатында акча каражатын бөлүү жөнүндөбюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Арал айылынын участкалык инспекторунун ар кандай чыгымдарына керектелүүчү 20,0 (жыйырма миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.

 

2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

 

Ф.К Токушев