Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 7-октябры № 602
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Тартыштык шарттарында электр энергиясын керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана үзгүлтүксүз электр менен жабдуу, ошондой эле электр менен жабдуучу уюмдардын чыгымдарынын ордун толтурууну камсыз кылуу максатында, "Энергетика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 192 "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатында:
- 3-главада:
он сегизинчи абзацта "жана башка тиричиликтик эмес" деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын:
"Башка тиричиликтик эмес керектөөчүлөр үчүн керектелген электр энергиясына төлөм 1 кВт.с үчүн 376,7 тыйын өлчөмүндөгү тариф боюнча (салыктарды эсепке албастан) жүргүзүлөт.";
- жогоруда көрсөтүлгөн Орто мөөнөттүү тарифтик саясатына 1-тиркемеде:
9-пункттун "2024-ж. 01.05." графасында "тариф + инфляция", "инфляциянын деңгээлине" деген сөздөр тиешелүү түрдө "376,7", "18,5" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Жапаров |