Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №119
“Каракол таза аймак” МИ тиешелүү айыл чарба жана атайын техникаларынын ремонт иштерине жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүү жөнүндө
“Каракол таза аймак” МИ тиешелүү айыл чарба жана атайын техникаларына жана керектүү тетиктерди алууга жана ар кандай чыгымдарына акча каражатынбөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол айыл аймагындагы “Каракол таза аймак” тиешелүү айыл чарба жана атайын техникаларына керектүү тетиктерди алууга жана ар кандай чыгымдарына жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен 945550 (тогуз жүз кырк беш миң беш жүз элүү) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин. Алар:
-Фронталдык жүктөгүч,
-Экскватор,
-Комбайн,
-Трактор,
-Чөп чапкыч (Германка),
-НИВА автоунаасы
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |