Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
II чакырылыштын кезектеги 1-сессиясы
2024-жылдын 30-ноябрындагы № 89
Кыргыз Республикасынын кезектеги III Элдик Курултайына
делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынды
чакырууга даярдыктарды көрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-снтябрындагы ПЖ №271 “Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кезектеги III Элдик Курултайды өткөрүүнүн календарлык планына ылайык айыл аймактын өкүлчүлүктүү жыйыны 2024-жылдын 7-декабрына саат 10:00 го Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын чоң залына чакырылсын.
2. Белгиленген квотага ылайык калктын санына жараша (20 001 ден 30 000ге чейин) Кыдыр Аке айыл аймагынан өкүлчүлүктүү жыйынына 150 өкүл шайланып, III Элдик Курултайга 2 делегат аныкталсын.
3. Коомдоштуктардын жыйындарын жана өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу, өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин, иш-чаралар планы түзүлсүн.
4. Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындары 2024-жылдын 4-5-декабрь күндөрү өткөрүлсүн, өкүлчүлүктүү жыйынга шайлануучулардын квотасы жана жыйындарды өткөрүү графиги, жооптуу депутаттардын тизмеси №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага Б.С.Акунов