Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКТЕГИ 1-СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 30-ноябрындагы № 90
Кыдыр Аке айыл аймагындагы соода түйүндөрүндө
алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки заттарын сатууга тыюу салуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун 12-подпунктуна таянуу менен Кыргыз Республикасынын Жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө мыйзамын ишке ашыруу максатында айыл аймагынын жергиликтүү кеңеш токтом кылат:
1. Кыдыр Аке айыл аймагындагы соода түйүндөрүндө 16 жашка чейинки балдарга жана жашы жете электерге алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатууга тыюу салынсын.
2.Кыдыр Аке айыл аймагында 16 жашка чейинки балдарга алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө жана тамеки буюмдарын чегүүгө, ошондой эле электрондук сигареталарды пайдаланууга толук тыюу салынсын.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов