Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКТЕГИ 2-СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 18-декабрындагы № 96
Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
Регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-декабрындагы №01-25/330 буйругу менен бекитилген Жергиликтүү кеңештердин Типтүү регламентинин негизинде, айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кыдыр Аке жергиликтүү кеңешинин Регламенти бекитилсин, тиркелет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56 буйругу күчүн жоготкондугуна байланыштуу Кыдыр Аке жергиликтүү кеңешинин 2024-жылдын 15-апрелиндеги №12 токтому менен кабыл алынган “Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин Регламенти” күчүн жоготту деп табылсын.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы жергиликтүү кеңештин этика маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага Б.С.Акунов