Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-декабры № 759
Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо эрежелерин бекитүү жөнүндө
"Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесин, "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сактоо эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом төмөнкүлөрдүн эсебинен ишке ашырылат деп белгиленсин:
1) ишке тартылган мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын жана дарыкана мекемелеринин тиешелүү жылдарга бекитилген бюджеттеринин жана штаттык санынын чегинде;
2) ишке тартылган саламаттык сактоо уюмдарынын, жеке менчик формасындагы фармацевтикалык уюмдардын жана мамлекеттик ишканалардын жеке каражаттарынын эсебинен.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 646 "Фармацевттик уюмдарда жана саламаттык сактоо уюмдарында дары-дармек каражаттарын коопсуз сактоо жана фармацевттик уюмдардын санитардык режими жөнүндө" техникалык регламентти бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У. Жапаров |