Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКТЕГИ 2-СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 18-декабрындагы № 97
Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
депутаттарынын Этика Кодексин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 6-декабрындагы №01-25/328 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депуттарынын Типтүү этика кодексинин негизинде айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын Этика Кодекси бекитилсин, тиркелет.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы жергиликтүү кеңештин этика маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага Б.С.Акунов