Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКТЕГИ 2-СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 18-декабрындагы № 98
Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
туруктуу комиссияларын түзүү жөнүндө
Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин Регламентинин негизинде айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төмөндөгүдөй туруктуу комиссиялар түзүлсүн:
- бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча;
- муниципалдык менчик (жер, мүлк), айыл чарбасы (ЖКБФ, СПА), жаратылыш ресурстары, архитектура, курулуш жана экология маселелери боюнча;
- айылдык аймактын чегиндеги (жол, ичүүчү суу, көчө электр жарыгы, канализация, айылды көрктөндүрүү жана транспорт) маселелери боюнча;
- социалдык маселелер (маданият, билим берүү, саламаттык сактоо, туризм, спорт, жаштар жана гендердик саясат) боюнча;
- депутаттык этика, мыйзамдуулук, мандат, дин маселелери, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомдоштуктар боюнча;
2. Депутаттар туруктуу комиссияларга бөлүнүп, туруктуу комиссиялардын курамдары бекитилсин.
3. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы жергиликтүү кеңештин этика маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин, көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага Б.С.Акунов