Загрузка документа…
АКМАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акман айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2024-жылдын 25-июлу №2
“Акман айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2024-жылдагы каралган сметасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Акман айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги V сессиясы Акман айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылга каралган бюджетинин алты айлык аткарылышын, 2024-жылга каралган сметасынын киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомуна негиз ААР алкагында “Акман тазалык” жана “Бешик-Жон-тазалык” ишканалары айылдык кеңештин кезекиз IV сессиясынын №5 токтому менен бириктирүү жолу менен кайра түзүлгөндүктөн Акман муниципалдык ишканасына Бешик-Жон таза суусу үчүн каралган каражатын жылыштыруу жөнүндө айыл өкмөттүн бухгалтери Н.Олжобаеванын сөзүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюждетинин алты айлык аткарылышы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Жергиликтүү бюджетинин 2024-жылга каралган сметасынын киреше жана чыгаша бөлүмдөрүнүн 701-бөлүмдүн 2211 (сапар чыгымы) беренесинен -140миң сом, 2212 (байланыш кызматын көрсөтүү) беренесинен -200миң сом, 2214 (унаа менен тейлөө кызматы) беренесинен -200 миң сом, жалпы 380 000 сом каражаты 701 бөлүмдүн 3112(машиналар жана жабдуулар) беренесине коюлуп чыгымдалсын.
3. Бешик-Жон таза сууга каралган 2221 (учурдагы оңдоо) беренесинен 500 000 сом акча каражаты 706 бөлүмдүн 2215 (ар түрдүү чыгымдар) беренесине коюлуп чыгымдоо жүргүзүлсүн.
4. Мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы М.Алкадыровко милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча ” туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага: |
А.Чолпонбаев. |