Загрузка документа…
КЫДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКТЕГИ 2-СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 18-декабрындагы № 99
Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын ишинин жыйынтыктары жөнүндө жергиликтүү жамааттын
алдында отчет берүүсүнүн регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 30-сентябрындагы №01-25/267 буйругу менен бекитилген Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ишинин жыйынтыктары жөнүндө жергиликтүү жамааттын алдында отчет берүүсүнүн типтүү регламенттин негизинде айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
ишинин жыйынтыктары жөнүндө жергиликтүү жамааттын алдында отчет берүүсүнүн регламенти бекитилсин, тиркелет.
2. Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн юстиция органына жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага Б.С.Акунов