Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 10-декабры № 201
"Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Энергияны үнөмдөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 497-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьяда:
а) алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"энергетикалык иликтөө боюнча сертификацияланган адис - энергетикалык натыйжалуулук жана энергияны үнөмдөө чөйрөсүндө мамлекеттик квалификациялык сертификат алган жеке адам;
энергетикалык иликтөө (энергетикалык аудит) - энергетикалык ресурстарды пайдалануу, пайдаланылуучу энергетикалык ресурстардын көлөмү, энергетикалык натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтарды системалуу түрдө топтоо жана иштеп чыгуу, алынган натыйжаларды имараттын энергетикалык сертификатында, энергетикалык иликтөө жүргүзүү жөнүндө техникалык отчетто, энергетикалык ресурстарды керектөөгө чыгымдарды азайтуу жана аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштамаларда чагылдыруу менен энергияны үнөмдөө мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу;
энергетикалык иликтөө жүргүзүү жөнүндө техникалык отчет - менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга жана уюмдарга жүргүзүлгөн энергетикалык иликтөөнүн натыйжалары боюнча сертификацияланган адис тарабынан түзүлгөн, энергетикалык ресурстарды өндүрүү, өткөрүп берүү, керектөө, объекттердин эсепке алуу приборлору менен жабдылышы, энергетикалык тутумдарда болгон жоготуулар жана энергия ресурстарын керектөөгө кеткен чыгымдарды азайтуу жана аларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштамалар жөнүндө маалыматты камтыган документ;
баштапкы энергия - табигый жана (же) өндүрүштүк энергия алып жүрүүчүлөрдө камтылган энергия;
энергияны тейлөө келишимдери (контракттар) - келишим (контракт, анын предмети керектөөчүнүн энергияны үнөмдөөгө жана энергетикалык ресурстарды пайдалануунун энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган иш-аракеттерди аткаруучу тарабынан жүзөгө ашыруу болуп саналат;
энергияны тейлөө уюму - келишим (контракт) боюнча иш-аракеттердин аткаруучусу болуп саналган, энергияны үнөмдөө жана энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу чөйрөсүндө энергияны тейлөө келишиминин алкагында өзүнүн жана (же) тартылган каражаттардын эсебинен иштерди (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткарган юридикалык жак;
энергетикалык натыйжалуулук - продукцияга, технологиялык процесске, юридикалык жакка, жеке ишкерге карата мындай натыйжаны алуу максатында өндүрүлгөн энергетикалык ресурстардын чыгымдарына карата энергетикалык ресурстарды пайдалануудан алынган пайдалуу натыйжанын катышын чагылдыруучу мүнөздөмөлөр;
электр энергиясын керектөөчү түзүлүштүн энергетикалык натыйжалуулугунун классы - электр энергиясын керектөөчү түзүлүштүн энергияны керектөө үнөмдүүлүгүнүн деңгээли, бул пайдалануу баскычында анын энергиялык натыйжалуулугун мүнөздөп турат;
ички дүң продуктунун энергетикалык сыйымдуулугу - ички дүң продуктунун бирдигине сарпталуучу баштапкы энергетикалык ресурстардын (көмүр, мунай, газ) жалпы көлөмү;
энергиянын натыйжалуулугунун максаттуу көрсөткүчү - жетишилүүгө тийиш болгон энергетикалык ресурстарды керектөөнүн белгиленген салыштырмалуу деңгээли.";
2) 4-статьянын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- энергетикалык ресурстардын натыйжалуу пайдаланылышына жана энергетикалык натыйжалуулук чөйрөсүндөгү иштин сапатына мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашырууга;";
3) 5-статьяда:
а) төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"отун-энергетикалык ресурстарды казып алуу, кайра иштетүү, ташуу, сактоо, өндүрүү жана пайдалануу менен байланышкан чарбалык, башкаруучулук жана башка кандай гана болбосун иштерди жүргүзүүдө энергияны үнөмдөө талаптарынын артыкчылыгы;";
б) жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"энергетикалык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жаатында натыйжалуу ведомстволор аралык коммуникация жана эл аралык кызматташтык;";
в) төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"экологиялык талаптарды эске алуу менен үнөмдөө жана энергияны үнөмдөө маселелерин комплекстүү чечүүнүн энергияны үнөмдөөчү түзүмүн түзүү, энергияны үнөмдөөчү заманбап технологияларды кеңири жайылтуу;
энергетикалык натыйжалуулуктун мамлекеттик энергетикалык экспертизасын милдеттүү түрдө пайдалануу;
башкаруунун экономикалык, ченемдик-техникалык усулдарын колдонуунун негизинде энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү ишти мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруу;
энергияны тейлөө уюмдарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана энергияны тейлөө келишимдерин киргизүү.";
4) 6-статьяда:
а) аталышында жана биринчи абзацта "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 6-1-статьянын биринчи бөлүгүнүн жетинчи абзацында "Өкмөтүнө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 7-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өзүнүн ыйгарым укуктарынын алкагында алардын тескөөсүндө турган имараттарда энергетикалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну, анын ичинде жогорку натыйжалуу энергияны керектөөчү приборлорду жана жабдууларды пайдалануунун эсебинен милдеттүү түрдө камсыз кылуу үчүн жооптуу.";
7) 9-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-статья. Энергетикалык иликтөө
Менчигинин түрүнө карабастан уюмдарды жана ишканаларды энергетикалык иликтөө пайдаланылуучу энергетикалык ресурстардын көлөмү жөнүндө объективдүү маалыматтарды алуу, энергетикалык натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрүн аныктоо жана аларды пайдалануунун натыйжалуулугун баалоо максатында, ошондой эле керектөөчүлөрдүн чыгымдарын азайтуу үчүн энергетикалык иликтөө боюнча сертификацияланган адис тарабынан жүргүзүлөт.
Энергетикалык иликтөө боюнча сертификацияланган адис Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик сертификациялоодон өтөт.
Энергетикалык иликтөө милдеттүү болуп саналат. Энергияны тейлөө келишиминин (контракттын) максаттары, колдонуу чөйрөсү, сапатына мониторинг жүргүзүү, мезгилдүүлүгү жана аны бекитүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленет.";
8) 10-статьяда:
а) биринчи бөлүктө "Мамлекеттик экспертиза" деген сөздөр "Энергетикалык натыйжалуулукту мамлекеттик экспертизалоо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) экинчи бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Энергетикалык натыйжалуулук боюнча мамлекеттик экспертизанын негизги милдеттери болуп долбоордук чечимдердин энергияны керектөө ченемдерине, стандартташтыруу боюнча ченемдик документтердин жана энергетикалык натыйжалуулук боюнча башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык келүүсүнө баа берүү, ошондой эле энергияны үнөмдөө боюнча каралуучу чаралардын ылайыктуулугун жана негиздүүлүгүн аныктоо болуп саналат.";
в) төртүнчү бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 11-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-статья. Отун жана энергияны эсепке алуу
Казылып алынуучу, өндүрүлүүчү, кайра иштетилүүчү, ташылуучу, сакталуучу жана керектелүүчү энергетикалык ресурстардын бардык көлөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипке ылайык милдеттүү түрдө эсепке алынууга тийиш.
Жаратылыш газы, жылуулук жана электр энергиясы менен жабдууну же аларды берүүнү жүзөгө ашыруучу жана пайдаланылуучу энергетикалык ресурстарды эсепке алуу приборлору менен жабдылууга тийиш болгон объекттердин инженердик-техникалык жабдууларынын курамына кирген тармактарга түздөн-түз кошулган, инженердик-техникалык камсыз кылуу тармактары бар уюмдар аларды жабдууну же өткөрүп берүүнү жүзөгө ашыруучу пайдаланылуучу энергетикалык ресурстарды эсепке алуу приборлорун орнотуу, алмаштыруу, эксплуатациялоо боюнча ишти жүзөгө ашырууга милдеттүү.
Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн уюмдар аларга кайрылган адамдар менен алар менен жабдууну же өткөрүп берүүнү жүзөгө ашыруучу пайдаланылуучу энергетикалык ресурстарды эсепке алуу приборлорун орнотуунун, алмаштыруунун жана (же) эксплуатациялоонун шарттарын жөнгө салуучу келишимдерди түзүүгө милдеттүү. Келишимдин баасы тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.
Бардык жылуулук менен камсыздоо тутумдары, анын ичинде энергетикалык реновация жүргүзүлгөн жаңылары, милдеттүү түрдө аба ырайын автоматтык жөнгө салуу тутумдары жана долбоордук-сметалык документтерге ылайык жылытуу приборлорундагы жөнгө салуучу арматуралар менен жабдылат.
Керектелген отун-энергетикалык ресурстар үчүн төлөө эсептери керектөөчүлөр үчүн анык маалыматтарды берүү менен, объекттерге орнотулган эсепке алуу приборлорунун көрсөткүчтөрүнө негизделүүгө тийиш.
Пайдаланылуучу энергетикалык ресурстарды эсепке алуу приборлорун керектөөчүлөрдү ушул ресурстар менен жабдууну жүзөгө ашыруучу уюмдарга орнотконго чейин эсептешүүлөрдү керектөөнүн колдонуудагы ченемдеринин негизинде жүргүзүүгө жол берилет.
Керектелүүчү энергетикалык ресурстарды эсепке алуу жана энергияны үнөмдөө жана парник газдарынын чыгарылышын кыскартуунун потенциалын аныктоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.
Энергетикалык ресурстарды өндүрүү жана керектөө жөнүндө маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик уюмдардын жетекчилерине жүктөлөт.
Энергетикалык ресурстарды керектөөнүн чоңдугуна жана түзүмүнө жана алардын натыйжалуу пайдаланылышына мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзүүнү энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча статистика боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган уюштурат жана жүргүзөт.";
10) 12-статьянын биринчи бөлүгүндө, 16, 20 жана 22-статьяларда "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
11) 15-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Энергияны керектөөчү продукциялар жана кандай болбосун багыттагы объекттер үчүн энергияны керектөө ченемдери, анын ичинде имараттардын энергетикалык натыйжалуулугуна болгон минималдуу талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.";
12) 17-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Энергияны сарамжалдуу пайдаланууну мамлекеттик метрологиялык жактан камсыз кылуу метрология жана стандартташтыруу жаатындагы көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат жана аны өндүрүүдө жана керектөөдө өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылууга багытталган чаралардын комплексин жана ченемдик укуктук документтерди иштеп чыгууну карайт.";
13) 19-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Энергияны үнөмдөөчү программалар, анын ичинде илимий изилдөөлөр, тажрыйбалык-конструкторлук иштер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген энергетикалык натыйжалуулук боюнча долбоорлор Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишти жүзөгө ашыруучу уюмдардын өздөрүнүн жана тартылган каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын резиденти статусуна ээ болгон жарандыгы жок жеке жактардын жана юридикалык жактардын каражаттарынын, республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын, ошондой эле Энергияны үнөмдөө жана жаңы энергетикалык техника фондунун каражаттарынын жана башка булактардын эсебинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте каржыланат.";
14) 23-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23-статья. Энергияны үнөмдөөгө түрткү берүү
Энергетикалык ресурстарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга түрткү берүү төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:
- долбоорду каржылоонун жалпы көлөмүндөгү максималдуу үлүшү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган социалдык маанилүү долбоорлорго Энергияны үнөмдөө фондунан гранттарды жана жаңы энергетикалык техниканы берүү;
- энергетикалык ресурстарга бааларды, энергияны үнөмдөөчү иш-чараларды киргизүүгө чыгымдарды, анын ичинде энергияны керектөөнү жогорулатуу боюнча мамлекеттик программалардын (долбоорлордун) алкагында курулуучу кайра жаралуучу булактарды пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорго капиталдык чыгымдарды эсепке алуу;
- кайтарымсыз каржылык, техникалык жана башка салымдар же энергияны үнөмдөө жаатындагы субъекттердин энергияны үнөмдөөчү иш-чараларды ишке ашырууга катышуусу.
Энергетикалык ресурстар менен жабдууну жүзөгө ашыруучу уюмдар өздөрүнүн керектөөчүлөрүнө энергетикалык ресурстарды үнөмдөөнүн жана аларды пайдалануунун энергетикалык натыйжалуулугун бардык жеткиликтүү ыкмалар менен жогорулатуунун ыкмалары жөнүндө үзгүлтүксүз маалымдап турууга милдеттүү.
Көп батирлүү үйдү энергетикалык ресурстар менен жабдууну жүзөгө ашыруучу уюм жылына бир жолудан кем эмес көп батирлүү үй, көп батирлүү үйлөрдүн тобу үчүн көп батирлүү үйдөгү орун жайлардын менчик ээлеринин жалпы мүлкү сыяктуу эле, ошондой эле көп батирлүү үйдөгү орун жайларга карата да иш-чаралардын тизмегин сунуш кылууга милдеттүү, иш-чараларды өткөрүү бул уюм тарабынан көп батирлүү үйгө берилүүчү энергетикалык ресурстарды энергияны үнөмдөөгө жана аларды пайдалануунун энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатууга олуттуу даражада өбөлгө түзөт. Бул иш-чаралардын тизмегинде төмөнкүдөй көрсөтмө камтылууга тийиш:
- бул тизмек даректелген адамдардын мындай иш-чараларды өткөрүүсүнүн милдеттүү эместиги;
- жалпыга жеткиликтүү булактарга таянуу менен алар тарабынан өткөрүлбөгөн иш-чаралардын бул тизмегинин мүмкүн болуучу аткаруучуларына.";
15) 28-1-статья төмөнкүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:
"Энергетикалык иликтөө (анын ичинде имараттарды энергетикалык сертификациялоо боюнча) боюнча адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С. Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 24-октябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |