Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №123
Арал айылына видеокөзөмөл орнотууга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Арал айылынын кире беришине, айыл ичине жана айыл өкмөтүнүн имаратына видео көзөмөл орнотууга акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылынын кире беришине, айыл ичине жана айыл өкмөтүнүн имаратына видео көзөмөл орнотууга жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен 400,0 (төрт жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |