Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №124
Арал айылындагы Чоң-Боз участогундагы кум-шагыл алынган бузулган карьерди (рекультивациялоо) тегиздеп калыбына келтирүү үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Арал айылындагы Чоң-Боз участогундагы кум-шагыл алынган бузулган карьерди (рекультивациялоо) тегиздеп калыбына келтирүү үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылындагы Чоң-Боз участогундагы кум-шагыл алынган бузулган карьерди (рекультивациялоо) тегиздеп, калыбына келтирүү үчүн жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |