Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №128
Арал айылындагы Медетбек Сейталиев атындагы орто мектебинин материалдык техникалык базасын чыңдоо үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Арал айылындагы Медетбек Сейталиев атындагы орто мектебинин материалдык техникалык базасын чыңдоо үчүнакча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылындагы Медетбек Сейталиев атындагы орто мектебинин материалдык техникалык базасын чыңдоого жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен 250,0 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |