Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №130
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
Арал айылындагы Чыныке-Бий көчөсүнүн жана Кара-Жылга өзөнүнүн тургундарынын трансформатордук подстанция алып берүү жөнүндөгү арыздарын канааттандырып, акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылындагы Чыныке-Бий көчөсүнүн жана Кара-Жылга өзөнүнүн тургундарына 2 даана трансформатордук подстанция алып берүүгө жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен 700,0 (жети жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |