Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №133
Медетбек Сейталиев атындагы орто мектебинин жаңы курулган кошумча имаратына видеокөзөмөл орнотууга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Медетбек Сейталиев атындагы орто мектебинин жаңы курулган кошумча имаратына видеокөзөмөл орнотууга акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Медетбек Сейталиев атындагы орто мектебинин жаңы курулган кошумча имаратына видеокөзөмөл орнотууга жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен 50,0 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |