Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2024-жылдын 16-декабры № 202
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, "Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 201-глава менен толукталсын:
"201-глава. Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдар
661-берене. Төлөөчү
Жыйымдарды төлөөчүлөр болуп бензинди жана дизель отунун импорттоочу жана/же өндүрүүчү субъектилер саналат.
662-берене. Төлөө өлчөмү, тартиби жана мөөнөттөрү
Автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдардын өлчөмү, алуу тартиби жана мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
2) 153-берене төмөнкүдөй мазмундагы 241-пункт менен толукталсын:
"241) автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдар;".
2-берене.
"Жол фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 3-июну, № 49) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын:
"17) автомобиль жолдорун оңдоого, күтүүгө, курууга жана реконструкциялоого жыйымдардан.".
3-берене.
Ушул Мыйзам 2025-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 20-декабрындагы № 98 (3653) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |