Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №134
Арал айылындагы жакынкы жайыттарга (Сары-Булак, Терек, Чойбек, Талды-Булак, Түз-Ашуу, Жорголот өзөндөрүнө) кетүүчү жолдорго суу өтүүчү трубаларды салуу, кум-шагыл төгүү ж.б. жумуштарына акча каражатын бөлүү жөнүндө
Арал айылындагы жакынкы жайыттарга (Сары-Булак, Терек, Чойбек, Талды-Булак, Түз-Ашуу, Жорголот өзөндөрүнө) кетүүчү жолдорго суу өтүүчү трубаларды салуу, кум-шагыл төгүү, тегиздөө ж.б. жумуштарын аткарууга акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылындагы жакынкы жайыттарга (Сары-Булак, Терек, Чойбек, Талды-Булак, Түз-Ашуу, Жорголот өзөндөрүнө) кетүүчү жолдорго суу өтүүчү трубаларды салуу, кум-шагыл төгүү, тегиздөө ж.б. жумуштарын аткарууга300,0 (үч жүз миң)сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |