Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №135
Талас өнүктүрүү фондусуна долбоор жазууга макулдук берүү жөнүндө
Үч-Эмчек айылындагы Касым Каимов атындагы орто мектебинин директорунун 2025-жылга Талас райондук өнүктүрүү фондусуна долбоорлорду жазууга макулдук берүү жөнүндөгү маалыматтын угуп жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Эмчек айылындагы Касым Каимов атындагы орто мектебине 2025-жылга Талас райондук өнүктүрүү фондусуна төмөндөгү долбоорлорду жазууга макулдук берилсин. Алар:
“Мектеп окуучуларын жана мугалимдерди эмеректер менен камсыздоо” (болжолдуу сметалык баасы 989 миң сом);
“12 жылдык билимге өтүү боюнча кошумча класстык бөлмө дайындоо” (болжолдуу сметалык баасы 3 млн сом);
“К.Каимов орто мектебине кудук бургулап суу чыгарып берүү” (болжолдуу сметалык баасы 1 млн сом);
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |