Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №136
Арал айылындагы күрөш залын Айкөл” бий тобунун жумасына 2 ирээт даярдануусуна шарт түзүү үчүн кошумча санитардык тазалоодон өткөрүүгө керектүү жабдууларды сатып алууга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Арал айылындагы күрөш залын “Айкөл” бий тобунун жумасына 2 ирээт даярдануусуна шарт түзүү үчүн кошумча санитардык тазалоодон өткөрүүгө керектүү жабдууларды сатып алуугаакча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылындагы күрөш залын “Айкөл” бий тобунун жумасына 2 ирээт даярдануусуна шарт түзүү үчүн кошумча санитардык тазалоодон өткөрүүгө керектүү жабдууларды сатып алуугакеректелүүчү 30,0 (отуз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |