Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №137
Жүгөрү чабуучу айыл чарба техникасын сатып алууга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Каракол айыл аймагынын Үч-Эмчек жана Арал айылдарына жүгөрү чабуучу айыл чарба техникасын сатып алууга акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Эмчек жана Арал айылдарына жүгөрү чабуучу айыл чарба техникасын сатып алууга керектелүүчү 800,0 (төрт жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |