Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №138
Арал, Үч-Эмчек айылдарындагы мекеме-уюмдардын, мектептердин, айыл өкмөтүнүн имаратынын тегерегин жапайы чыккан чөптөрдөн арылтуу үчүн керектүү жабдуу сатып алууга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Арал, Үч-Эмчек айылдарын дагы мекеме-уюмдардын, мектептердин, айыл өкмөтүнүн имаратынын тегерегин жапайы чыккан чөптөрдөн арылтуу үчүн керектүү жабдуу сатып алууга акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал, Үч-Эмчек айылдарын дагы мекеме-уюмдардын, мектептердин, айыл өкмөтүнүн имаратынын тегерегин жапайы чыккан чөптөрдөн арылтуу үчүн керектүү жабдуу сатып алууга керектелүүчү 18,0 (он сегиз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |