Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №141
Арал айылындагы жаңы конуштарга электр чубалгыларын алууга акча каражатын бөлүү жөнүндө
Арал айылындагы жаңы конуштарга электр чубалгыларын алууга жардам сурап кайрылган айыл тургундары Жайлообаев Жаныбек, Жунушова Айгүл ж.б арыздарын канааттандыруу жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылындагы жаңы конуштарга электр чубалгыларын алууга жардам берүү жөнүндөгү Жайлообаев Жаныбек, Жунушова Айгүл ж.б айыл тургундарынын арыздарын канааттандыруу үчүн керектелүүчү 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |