Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №143
Үч-Эмчек айылындагы К.Каимов атындагы орто мектебинин чатырын ремонттоого акча каражатын бөлүү жөнүндө
Үч-Эмчек айылындагы К.Каимов атындагы орто мектебинин чатырын ремонттоого акча каржатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Эмчек айылындагы К.Каимов атындагы орто мектебинин чатырын ремонттоого керектелүүчү 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |