Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №150
Үч-Эмчек айылындагы Кууганды өзөнүндө жайгашкан булакты ичүүчү суу топтоочу жайга кошуу үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Үч-Эмчек айылындагы Кууганды өзөнүндө жайгашкан булакты ичүүчү суу топтоочу жайга кошуу үчүнакча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Эмчек айылындагы өзөнүндө жайгашкан булакты ичүүчү суу топтоочу жайга кошууга керектелүүчү 600,0 (алты жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |