Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №155
Үч-Эмчек айылында салтанаттуу күндөрү өтүлүүчү спорт оюндарына акча каражатын бөлүү жөнүндө
Үч-Эмчек айылында салтанаттуу күндөрү өтүлүүчү спорт оюндарына акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Эмчек айылында салтанаттуу күндөрү өтүлүүчү спорт оюндарын уюштурууга керектелүүчү 100,0 (жүз миң сом) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |