Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №156
Айылдык Кеңештин төрагасынын жыл ичиндеги ар кандай чыгымдары үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө
Айылдык Кеңештин төрагасынын жыл ичиндеги ар кандай чыгымдары үчүн акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык Кеңештин төрагасынын жыл ичиндеги ар кандай чыгымдары үчүн керектелүүчү 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралсын.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |