Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №160
Көпүрө-Базар айылында Карылар күнүн жогорку деңгээлде салтанаттуу өткөрүүгө акча каражатын бөлүү жөнүндө
Көпүрө-Базар айылында Карылар күнүн жогорку деңгээлде салтанаттуу өткөрүүгө акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көпүрө-Базар айылында Карылар күнүн жогорку деңгээлде салтанаттуу өткөрүүгө керектелүүчү 80,0 (сексен миң сом) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |