Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №161
Арал айылынын аз камсыз жардамга муктаж тургуну Боронбаев Токтобектин ак кан ооруусунан дарылануусуна акча каражатын бөлүү жөнүндө
Арал айылындагы аз камсыз жардамга муктаж үй-бүлө мүчөсү Боронбаев Токтобектин ак кан ооруусунан дарылануусунаматериалдык жардам сурап кайрылуу жазган оорулуунун эжеси Шабданова Айбүнүн арызын карап жана талкуулап чыгып, бюджеттик комиссиянын сунуштарынын негизинде , Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айылынын тургуну Шабданова Айбүнүн арызы канааттандырылсын.
2. Арал айылындагы аз камсыз жардамга муктаж үй-бүлө мүчөсү Боронбаев Токтобектин ак кан ооруусунан дарылануусуна материалдык жардам берилүүчү 20,0 (жыйырма миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.
3. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |