Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №163
Каракол айыл аймагындагы Үмөт Молдо мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы бүтүп жаткан К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинин жанындагы кошумча имаратка керектелүүчү буюмдарды сатып алууга акча каражатын кароо жөнүндө
Каракол айыл аймагындагы Үмөт Молдо мектепке чейинки билим берүү уюмунун жаңы бүтүп жаткан К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинин жанындагы кошумча имаратка керектелүүчү буюмдарды сатып алууга акча каражатын кароо жөнүндөгү мекеменин жетекчисинин кайрылуусун жана кайрылуунун негизинде түзүлгөн сметанын негизинде акча каражатын бөлүү жөнүндө бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы бүтүп жаткан К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинин жанындагы кошумча имаратка Үмөт Молдо мектепке чейинки билим берүү уюмунун керектелүүчү буюмдарды сатып алууга бир миллион сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| Ф.К Токушев |