Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №164
Каракол айыл аймагындагы негизги билим берүү мекемелерине уюлдук телефондорду салуу үчүн атайын кутучаларды алууга акча каражатын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчиси А.У. Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Каракол айыл аймагындагы негизги билим берүү мекемелерине уюлдук телефондорду салуу үчүн атайын кутучаларды алууга акча каражатын бөлүү боюнча бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол айыл аймагындагы негизги билим берүү мекемелерине уюлдук телефондорду салуу үчүн атайын кутуча алууга 115 000 (жүз он беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Ф.К Токушев |