Редакцияот 06.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы

 

2024-жылдын 6-августу №167

 

Көпүрө-Базар айылындагы мекеме-уюмдарды, мектепти таза суу менен камсыз кылууга акча каражатын бөлүү жөнүндө

 

Көпүрө-Базар айылындагы мекеме-уюмдарды, мектепти таза суу менен камсыз кылууга акча каражатын бөлүү боюнча бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Көпүрө-Базар айылындагы мекеме-уюмдарды, мектепти таза суу менен камсыз кылууга ремонт иштерине керектелүүчү 50,0 (элүү миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.

 

2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Ф.К Токушев