Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
2024-жылдын 6-августу №173
2024-2025-жылдын күз-кыш айларына даярдык көрүүгө акча каражатын бөлүү жөнүндө
2024-2025-жылдын күз-кыш айларына даярдык көрүүгө Каракол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кеңсесиндеги кабинеттерге электр жылыткычтарын сатып алуу үчүн акча каражатын бөлүү боюнча бюджеттик комиссиянын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-2025-жылдын күз-кыш айларына даярдык көрүүгө Каракол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кеңсесиндеги кабинеттерге электр жылыткычтарын сатып алуу үчүн 50,0 (элүү миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эркин каражат эсебинен каралсын.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Ф.К Токушев |