Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VII- сессиясы
2024-жылдын 6-августу № 180
Каракол айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан айылдары боюнча зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Каракол айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан айылдары боюнча зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндөгү депутаттардын ой-пикирлерин сунуштарын угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесинин 4-пунктунун негизинде жер салыгынын зоналдык коэффициенти Каракол айыл аймагы боюнча жер салыгынын жылдык коэффициенти 1 ге барабар болсун.
2. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мамажановдон суралсын .
Төрага |
| Ф.К.Токушев. |