Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII - сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры № 181
“Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына Каракол айыл аймагынын Арал айылындагы Талды-Булак алтын кенин чалгындоо иштерине макулдук берүү жөнүндө
Каракол айыл аймагынын Арал айылындагы Талды-Булак алтын кенин чалгындоо иштерине “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына макулдук берүү жөнүндөгү депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасына Талды-Булак алтын кенин чалгындоого уруксат берилсин.
2. Чалгындоо иштерин баштоодон мурун “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасы эл менен жолугушууларды өткөрүп, түшүндүрүү иштери жүргүзсүн жана элдин макулдугу алышсын.
3. Чалгындоо иштери жүргүзүлгөн жерлердеги жеке менчик турак-жай ээлеринин жана үлүш жери бар жер ээлеринин талаптары эске алынсын.
4. Мурда чалгындоо иштерин жүргүзгөн компаниянын кетирген кемчиликтери кайталанбасын жана КР мыйзамдарынын талаптары аткарууга алынсын.
5. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мамажановдон суралсын.
Төрага |
| Ф.К.Токушев. |