Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII - сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры № 182
Айыл тургундарынын арыздарын кароо
Көпүрө-Базар айылынын тургуну Курманбаев Асандын турак-жайынын жанындагы №1069 контурундагы калктуу конушка кирген ,15 га жер тилкесин жалгыз бой жардамга муктаж айыл тургуну Курманбаев Алымкулга турак-жай куруу үчүн бөлүп берүү жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көпүрө-Базар айылынын тургуну Курманбаев Алымкулдун калктуу конушка кирген 0,15 га жер тилкесин (№1069 контурундагы) турак-жай курууга сурап жазган арызы жеринде тактоо иштери жүргүзүлүп, жер комиссиясынын отурумунун чечими менен КР мыйзамдарынын талаптарына каршы келбесе берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер комиссиясынан жана Каракол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мамажановдон суралсын.
Төрага |
| Ф.К.Токушев. |