Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII - сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры № 185
Өрттөн жабыр тарткан айыл тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө
Каракол айыл аймагынын Үч-Эмчек айылынын тургундары Райымбердиев Тойчубайдын 800 түк чөбү, короо-сарайы жана жалгыз бой Иманалиев Кундузбектин үйү электр жарыктандыргычтан чыккан өрттүн кесепетинен өрттөнүп кеткендигине байланыштуу материалдык жардам катары жергиликтүү бюджеттен 40 миң сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап чыгып,кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өрттөн жабыр тартканҮч-Эмчек айылынын тургундары Райымбердиев Тойчубайга жана Иманалиев Кундузбекке ар бирине материалдык жардам катары жергиликтүү бюджеттен 20,0 (жыйырма миң) сомдон акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мамажановдон суралсын.
Төрага |
| Ф.К.Токушев. |