Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII - сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры № 186
Өрттөн жабыр тарткан айыл тургунуна материалдык жардам берүү жөнүндө
Каракол айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылынын тургуну Токтоматов Темирбектин 1000 түк чөбү, короо-сарайы электр жарыктандыргычтан чыккан өрттүн кесепетинен өрттөнүп кеткендигине байланыштуу материалдык жардам катары жергиликтүү бюджеттен 20 миң сомдон акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап чыгып,кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көпүрө-Базар айылынын тургуну Токтоматов Темирбеккематериалдык жардам катары жергиликтүү бюджеттен 20,0 (жыйырма миң) сомдон акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мамажановдон суралсын.
Төрага |
| Ф.К.Токушев. |