Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги VIII - сессиясы
2024-жылдын 13-сентябры № 187
Турнирдин катышуучуларына кызыктыруучу белек берүүго акча каражатын бөлүү жөнүндө
Айыл тургуну кигбоксинг боюнча дүйнөнүн чемпиону маркум Сыдыгалиев Канатбек Омурбековичтин жаркын элесине арналып, Бишкек шаарында өткөрүлүп жаткан турнирге жана алардын катышуучуларына айыл өкмөтүнүн атынан кызыктыруучу белек берүүгө жергиликтүү бюджеттен акча каражатынбөлүп берүү жөнүндөгү депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл тургуну кигбоксинг боюнча дүйнөнүн чемпиону маркум Сыдыгалиев Канатбек Омурбековичтин жаркын элесине арналып, Бишкек шаарында өткөрүлүп жаткан турнирге жана алардын катышуучуларына айыл өкмөтүнүн атынан кызыктыруучу белек берүүгө жергиликтүү бюджеттен 20,0 (жыйырма миң) сом акча каражатыбөлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мамажановдон суралсын.
Төрага |
| Ф.К.Токушев. |